Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен ф.-м.и.к.,  доцент, фундаменталдык илимдер институтунун директору Рыспаев Амантур Орозалиевич 2023-жылдын 6-сентябрынан тартып компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Жаңы жетекчини институттун жамаатына 2023-жылдын 13-сентябрь күнү окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев тааныштырды. Ал адегенде ректордун буйругун окуп, андан кийин Амантур Рыспаевге “кесиптештериӊиз менен мындан ары креативдүү иш алып барып, институтту өнүктүрүп, келечектин кесипкөй адистерин даярдап чыгаруу үчүн кызматыӊызды жакшы өтөйсүз деген тереӊ ишеничтебиз” деген каалоо-тилегин айтты. Окуу башкармалыгынын башчысы о.э. мурдагы директор Бактыгүл Баратованын да институттун калыптануусунда салымы бар экенин белгиледи.

Амантур Рыспаев өз сөзүндө жооптуу кызматка дайындаганы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирип, алдыда кыла турган иштер көп экенин, аларды аткарууда жалпы жамаат менен биргеликте, ынтымактуу иш алып бараарын билдирди.

Жыйын аяктаган соң окуу башкармалыгынын башчысы Амантур Рыспаевке жумуш кабинетин көрсөтүп, жаңы кызмат ордуна отургузду.

Жаңы жетекчини тааныштыруу аземине ректораттын аппарат башчысы Мирбек Айтымбетов катышты.

Добавить комментарий