Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “Математикалык анализ” кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Бараталиев Керим Бараталиевичке өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам ыйгарылды. Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты агайды мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, мындан аркы албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

Эскерте кетсек, белгилүү математик, Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын жана Илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Керим Бараталиевич 100дөн ашуун илимий жана методикалык эмгектердин автору. Ал математиканын “Дифференциалдык теңдемелер” тармагы боюнча илимий изилдөө жүргүзүп, Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин конгрессинде жана бир канча Эл аралык конференцияларда илимий баяндама жасап, анын илимий эмгектери жогорку даражалуу эл аралык журналдарда жарык көргөн.

Добавить комментарий