Мурда кабарлангандай, ушул жылдын август айында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жайгашкан 7-окуу имаратында жылуулук системасын капиталдык оңдоо жумуштары башталып, трубалар менен радиаторлор толугу менен алынып салынган болчу.
Япониянын эл аралык кызматташтык агентствосу (JICA) тарабынан каржыланган жылуулук радиаторлору 2023-жылдын 14-сентябрь күнү имаратка алып келинип, орнотула баштады. Иштин жүрүшү менен ректор Төлөбек Абдырахманов таанышып чыкты.