2023-жылдын 8-сентябрь күнү орус жана славян  филологиясы факультетинде 4-курс студенттеринин өндүрүш

2023-жылдын 8-сентябрь күнү орус жана славян  филологиясы факультетинде 4-курс студенттеринин өндүрүштүк практикага чыгуусуна арналган конференция өткөрүлдү. Жыйынга карьера жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев, башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышып, студенттерге практиканын жаӊы талаптары жөнүндө айтып беришти. 

Факультет деканы Нурайым Сардарбек кызы менен практика жетекчиси Алмаш Абылова студенттерге өндүрүштүк практиканын күндөлүгүн толтурулушун түшүндүрүп беришти. Иш чарага о.э. жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Дамира Калыбекова менен психология кафедрасынын доценти Гульзира Байгажанова да катышты.

Добавить комментарий