Сурдо грек-рим күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан Дүйно чемпионатына компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтнун 4-курс студенти Динмухамед Бигелдиев катышып, мелдештин экинчи куну 67 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп алды. Дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашуун балбандар катышкан таймашта алтын медаль тагынып, чемпион болгон Динмухамедди университеттин жалпы жамааты чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалайт. Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын курамасы 3 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Түркия жеңип алса, 2-орунга Ирандын курама командасы татыктуу болду. 

Добавить комментарий