2023-жылдын 8-сентябрында Улуттук университетте Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу өзгөчө макам алган 5 университеттин ректорлору менен жолугушту. Жыйында аталган жогорку окуу жайлардын статусуна байланышкан укуктук-ченемдик актылар тууралуу сөз болуп, аларды тез арада иштеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди. – Бул – баарыбыздын кызыкчылыгыбызда. Ошондуктан, бизге сиздердин көмөгүӊүздөр керек, урматтуу ректорлор, – деди министрдин орун басары. Жолугушууга И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Гульмира Джумалиева, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек  Абдырахманов, о.э. министрликтин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев катышты.

Добавить комментарий