2023-жылдын 6-сентябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында юридикалык институт менен юридикалык колледждин жаӊы структурасын, окуу жайдын жаңы окуу жылына карата киреше жана чыгаша сметасын бекитүү маселелери каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев, юридикалык колледждин директору Данияр Джумалиев жана пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова баяндама жасашты. Отурумдун жүрүшүндө аталган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, соңунда көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий