2023-жылдын 11-сентябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында көрүнүктүү коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгынын урматына уюштурулган “Таза өмүрдүн өрнөгү” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан алып барган жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, бүгүн Кыргызстандагы илим менен билимдин, маданият менен тарыхтын борбору болгон Улуттук университетте легендарлуу адамдын маарекеси өтүп жатышы окуу жайдын жамааты үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, Абдыганы Эркебаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы чечими менен ыйгарылган “КУУнун ардактуу профессору” наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.

Андан кийин Абдыганы Эркебаев профессордук насаат сөзүн сүйлөп, өзү окуган Улуттук университеттин ардактуу профессору болуш ал үчүн сыймыктуу  иш экендигин жана ар дайым билим алып, алдыга максат коюп жашоо керек экендигин белгилеп, эмгектеринин 8 томдугун Төлөбек Абдырахмановго тапшырды.

ТҮРКСОЙдун Генералдык катчысы, КР Эл жазуучусу Султан Раев сөз сүйлөп, Абдыганы Эркебаев өзүн-өзү жасаган, ушул деӊгээлге өзүнүн билими жана талыкпаган эмгекчилдиги менен жеткендигин, интеллектуалдык чөйрөдөгү кристаллдай таза адам экендигин жана илимдин эле эмес, адамгерчиликтин да академиги экендигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулунун, КР Эл акыны Акбар Рыскуловдун, УИАнын академиги Абдылдажан Акматалиевдин жана тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповдун куттуктоо сөзүнөн кийин, УИАнын академиги Осмонакун Ибраимов “Абдыганы Эркебаев – окумуштуу жана мамлекеттик ишмер”, ал эми филос.и.д., профессор Жамгырбек Бөкөшов “Адабиятчынын астейдил мээнети” аталышындагы баяндамаларды жасашты.

Добавить комментарий