2023-жылдын 7-сентябрь күнү 5-окуу имаратынын жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун бакалавриатынын жана магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Институттун директору Камчыбек уулу Мырзабек алып барган жыйында инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү диплому менен куттуктады жана ак жол, бекем ден-соолук каалады. – Мындан ары да эч токтобой билим алгыла. Биздин университет көптөгөн чет элдик  окуу жайлар менен келишим түзгөн, алмашуу программасы аркылуу окуп келүү мүмкүнчүлүктөрүӊөр бар. Андыктан, окууну уланткыла, – деди Гүлбара Сыдыкова.

Иш-чарага «Дин таануу» кафедрасынын башчысы профессор Толкун Омурова, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы Нурбүбү Асипова, социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы Абдыкайим Жусубалиев, о.э аталган институттун окутуучулары катышып, бүтүрүүчүлөрдү диплом алышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Куттуктоолордон кийин институттун бүтүрүүүлөрүнө салтанаттуу түрдө дипломдор тапшырылды.

Добавить комментарий