2023-жылдын 1-сентябрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды масаттуу даярдоо институтунда Билим күнүнѳ арналган салтанаттуу иш чара болду.

Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган кечээки абутриент, бүгүнкү 1-курс студенттерин илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев менен институттун директору Рахат Сулайманова, о.э. кафедра башчылары куттуктаган соң майрамдык чакан концерт коюлду. Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн эске алып, сөзү А.Акбаровго, обону:А.Иманалиевага таандык «Алга Кыргызстан» чыгармасын жалпы студенттер хор менен ырдашты.

Добавить комментарий