Келишимге кол коюу аземи 2023-жылдын 4-сентябрь күнү онлайн форматта ишке ашырылды. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышып, россиялык кесиптештерди жана журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамын жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ректордун айтымында, эл аралык деңгээлдеги абройлуу М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  журналистика факультети менен кызматташууга жетишүү – институт үчүн чоң сыймык. ММУнун журналистика факультетинин деканы Е.Л.Вартанова кыргызстандык кесиптештери менен жүз көрүшкөнгө кубанычта экенин белгилеп, бул келишим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен, албан-албан ийгиликтерди алып келерине терең ишенээрин билдирди.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк бүгүнкү күн жана бүгүнкү окуя – тарыхый көрүнүш экенин баса белгилеп, кызматташуунун алкагында салмактуу иш-чаралар, конференциялар уюштурулуп, илимий өнүгүүнүн жаңы баскычы түптөлөрүнө ишеними терең экенин айтып өттү.

Жыйындын жүрүшүндө КР билим берүүсүнө эмгек сиңиген кызматкер А.Халилов менен Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү А.Дуйшекева ММУнун профессордук-окутуучулук курамына салам-дубайын айтып, жылуу пикирлери менен бөлүшүштү.

Добавить комментарий