2023-жылдын 4-сентябрында Жогорку Кенештин депутаты Жеңишбек Токторбаев менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов 6А-окуу имаратындагы толук оңдоп-тузөөдөн өткөн 100 орундуу лекция окулуучу дарсканада студенттер менен жолугушту.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жеңишбек Токторбаев билим алууга кадам таштаган ар бир студент үчүн бардык шарттар түзүлүшү зарыл экендигин белгилеп, оңдоп-тузөөдөн өткөн бул аудитория студенттер үчүн белек экенин билдирди. Ал о.э. №7-жатаканадагы эки бөлмөнү да жакынкы күндөрү өз эсебинен толук оңдоп берүүнү убадалады. Төлөбек Абдырахманов студенттердин окууларына ийгилик каалап, окуу жайга жардам бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевге терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Жолдошбек Токторбаев 2023-жылдын 26-майында 6А-окуу имаратынын абалы менен таанышып чыгып, имарат чындыгында оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, өз каражатына 100 орундуу лекция окулуучу аудиторияны толук оңдоп-тузөп, андагы стул, парталарды жана досканы алмаштырып берүүнү убадалаган.

Добавить комментарий