2023-жылдын 1-сентябрь күнү мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан кыргыз филологиясы факультетинин, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун о.э чет-тилдер факультетинин босогосун жаныдан аттаган 1-курс студенттери менен жолугушуп, аларды өлкөбүздө белгиленип жаткан Билим күнү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Андан кийн проректор 5-окуу имаратындагы факультеттердин жүгүртмөлөрү менен таанышып чыкты. Жолугушууга аталган имаратта жайгашкан түзүмдөрдүн жетекчилери, окутуучулары жана 1-курс студенттери катышты. 

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев кесиптик колледждеги Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты. Майрам саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталып, жыйындын катышуучуларын Билим күнү менен илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев менен кесиптик колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу куттукташты. Проректор студенттерге КУУнун тарыхы менен макамы жөнүндө айтып, билим алуунун татаал жолунда ийгиликтерди каалады. Иш-чара майрамдык концерт менен уланды.

Добавить комментарий