2023-жылдын 1-сентябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Институттун директору Алайбек Шамшиев жаңы 2023-2024 – окуу жылынын башталышы менен жалпы институттун жамаатын,  10-11-класстардын окуучуларын жана аларды коштоп келген ата-энелерин кызуу куттуктап, иштерине жана окууларына чоң-чоң ийгиликтерди каалады. Ал о.э. Улуттук университет, институт жана гимназиянын жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Андан соң жыйындын катышуучуларына гимназиянын окутуучулары жана 11-класстардын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү. Майрамдык салтанатка Кыргыз-жапон борборунун волонтерлору да катышып, жапон тилинде ырларын ырдап беришти.

№7-окуу имаратында жылуулук системасы алмаштырылып жатканына байланыштуу, концерттен кийин мугалимдер окуучулары менен “3-окуу имаратына барып, «Нарктуу кыргыз жараны-өлконун келечеги» деген темада класстык сааттарды өтүп, университеттин корпустарына экскурсия өткөрүштү.

Добавить комментарий