2023-жылдын 14-август күнү башкы имараттагы 231-жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1989-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктоо сөзү менен ачты. Ал өзү да аталган факультетти 1987-жылы аяктаганын айтып, 1989-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн баарын аман-эсен, көӊүлдөрү куунак көргөнүнө кубанычта экенин белгиледи. – Тарых илими кыйын, жашоонун тарыхын, турмушту окутуп, көрсөтүүчү илим, – деп сөзүн улантты ректор. – Тарыхчылар кыйын адамдар болот. Кыргызстанда башы көрүнгөн, коомдун көп маселелерин чечип жүргөндөрдүн баары – тарых факультетин бүтүргөн адамдар. Ушинтип учкан уяӊарды эстеп, келип койгонуӊар үчүн рахмат. Университетти, факультетти унутпагыла. Аман-эсен болгула, ишиӊер ийгиликтүү болсун.
Бүтүрүүчүлөр учкан уясына, билим берген эже-агайларына ыраазычылыктарын айтып, ийгилик каалап, университетке өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар о.э. мектеп, гимназиялардагы тарых сабагы боюнча айрым маселелерди да талкуулашты.
Иш-чарага тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Гулзат Чодолдоева катышты.