2023-жылдын 28-августунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине жана Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономика университетине окууга кетип жаткан мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттерин кабыл алды. Ректор студенттердин аталган шаарларга  аман-эсен жетип алышын тилеп, “Силер билим алганы алдыӊкы, мыкты университеттерге бара жатасыӊар. Биздин университетти уят кылбай, жакшы билим алып, өзүӊөрдү жакшы алып жүргүлө. Эӊ негизгиси – кыргыз экениӊерди унутпай, жакшы сапаттарыӊарды көрсөтүп, ар тараптуу студенттерден болгула. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген ата-энеӊерге, деканыӊарга, окутуучуларга жана Саадат эжекеңерге рахмат. Сапарыӊар байсалдуу болсун!”, – деди.

Жолугушууга мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, о.э. академиялык мобилдүүлүк, билимди экспортоо жана тармактык магистратура  бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Добавить комментарий