2024-жылдын 5-апрель күнү 6-окуу имаратынын спорт залында студенттердин ден соолугун чыңдоо жана факультеттер аралык өткөрүлүүчү турнирге курама команданы түзүү максатында математика жана информатика факультетинде волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. “Декандын кубогу” ойнотулган мелдешке 6 команда катышып, турнирдин соңунда факультет деканы Изат Усенов оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жеңүүчү командага кубокту салтанаттуу түрдө тапшырды. “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” номинациясына татыган студенттерге Изат Абдраевич мактоо баракчаларын жана өз эсебинен акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Студенттик кеңештин төрагасы, 3-курстун студенти Жолдубаев Бектурдун айтымында, волейбол – активдүү эс алуунун, ден соолукту чыңдоонун мыкты жолу. Аны менен машыгуу тез жана так реакция жасоого көнүктүрүп, шамдагайлыкты, көз менен болжолдоону өөрчүтүп, кыймыл координацияларын жакшыртат. Ошону менен бирге ден соолукту чыңдап, сергек жашоо образына шарт түзөт.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий