2024-жылдын 4-апрелинде Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун координатору Мира Мыкыева жана КУУнун инвестиция боюнча бөлүмүнүн башчысы Сонайым Каратаева И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары менен студенттерине “Кыргыз Республикасындагы билим берүүдөгү баалоо системасы” деген темада конок лекция өтүштү.

Сабактын башында ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова келген конокторду тааныштырып, Мира Мыкыевага   сөз берди. Ал Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү системасы, баалоонун улуттук программасы, баалоонун түрлөрү жөнүндө айтып, “Баалоону кантип жүргүзүү керек?”, “Баалоонун максаты эмнеде?”, “Баалоо ким үчүн жүргүзүлөт?” сыяктуу суроолордун алкагында баяндама жасады.

Лекциянын соңунда окутуучулар менен студенттер кызыккан суроолоруна алгылыктуу жоопторду алышты. Андан кийин институттун директору п.и.д., профессор Рахат Сулайманова конокторго ыраазычылык кат тапшырды.

(С) Т.Ч.Абдылдаева – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин доценти   

Добавить комментарий