2024-жылдын 5-апрелинде кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун алдындагы гимназиянын 10-класс окуучулары Ч. Айтматовдун үй-музейине барып келишти.

Кыргызстандын ар тарабынан келген гимназиянын окуучулар үчүн улуу жазуучунун Бишкектеги үйүндө болгон эки сааттык экскурсия жарым сааттай эле учуп кетти. Музейдин гиди мыкты экен, төкпөй-чачпай, ар бир бөлмөсүндө болгон сүрөт, фото, идиш, сувенир, кийимдер жөнүндө айтып берди. Ч.Айтматовдун чындык сөздөрү, биографиялык фактылары өспүрүм балдарга аябай кызыктуу болду. Ал жазуучунун чыгармачылары менен да тааныштырып, достору, жакындары жөнүндө да терең маалымат берди. Балдар жазуучунун жашаган атмосферасына толугу менен чөгүп, чындап эле өздөрүн анын үйүндө конок болгондой сезишти.

Мугалимдер койгон максаттарына жетишти, анткени бүгүн Айтматов китептеги, алыстагы адам болбой, ар бир баланы өз үйүндө тосуп, ички дүйнөсүн ачкан жакын адамдардан болду. Ч.Айтматовдун баласы Элдияр ошол музейди уюштурганына чоң ыраазычылык билдиребиз, анткени биздин окуучулар биринчи колдон дегендей көп кызык фактыларды билип, улуу жазуучунун сүрөттөрүн, колдонгон буюмдарын көрүп келишти.

* * *

Ушул эле күнү гимназиянын 10-11-класс окуучулары “Ата Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барып, ал жердеги музей менен таанышып, 2010-жылдагы 7-апрель окуясында курман болгондору эскеришти.

Бул иш чара окуучулардын өз тарыхын жакшыраак түшүнүүгө, улуттук баалуулуктарды баалоого, келечек үчүн курман болгон баатырлары менен сыймыктанууга жана патриоттук сезимди калыптандырууга өбөлгө түздү.

(С) Бейшеналиева Б.Т. – институттун башкы адиси

Ч.Айтматовдун үй-музейи

“Ата Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплекси

Добавить комментарий