2024-жылдын 27-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институттунда «Биз туберкулезго каршыбыз» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш чараны уюштуруу демилгеси КУУнун саламаттык сактоо пунктунун башчысы Мамбетова Замира тарабынан көтөрүлүп, студентер тарабынан колдоого алынып, эӊ эле жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.

Тегерек столго 2-3-курстун студенттери активдүү катышып, өзүлөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Бул иш-чарага даярдыктары дубал гезиттеринде да мыкты чагылдырылды.

Студенттик поликлиниканын ден соолукту чыӊдоо кабинетинин башчысы Абдылдаева Жибек жана врач Токтогулова Анархан тегерек столдун күбөлөрү гана болушпастан, белектери менен келишип, студенттердин куржунун да толтуруп кетишти.

(С) Кыдырмаева Салия – тарбия иштери боюнча директордун орун басары 

Добавить комментарий