Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы №9-гимназияда 22-январдан
баштап практика өтүүдө. 14-февраль күнү мектепке факультет деканы Б.А.Жайлообаев, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы Э.Б.Акунов, филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын доценти, педагогикалык практиканын жетекчиси А.Т.Жаманкулова келишти. Алар практиканттардын ачык сабактарына катышып, өз бааларын беришти.
Ачык сабактар жыйынтыкталган соң, мектептин методикалык кабинетинде өтүлгөн сабактар талкууланып, методикалык жардам, сунуш пикирлер айтылды. Өтүлгөн сабактар өз максатына жетти.
(С) А.Солтоноев – декандын тарбия иштери боюнча орун басары