Илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмү Scopus, Google Академия, РИНЦ илимий-метрикалык маалыматтар базасын колдонуу боюнча окутуу иштерин жүргүзүүнү улантууда.
2024-жылдын 8-февралында №6-окуу имаратынын 212-дарсканасында “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макаланы жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар уюштурулду.
Сабакка кесиптик колледж менен И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулук-профессорлор курамы катышты. Илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева менен Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D. АКШ Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев баяндама жасады.
Ушул эле семинар 2024-жылдын 1-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда PhD докторантурадагы бардык илимий жетекчилерге өткөрүлгөн.
Семинарда каралган түйүндүү суроолор:
- PhD жетекчиси кандай жөндөмгө ээ болушу абзел;
- Scopus конференциясын кантип уюштуруу жөндүү;
- Илимий жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун кантип жогорулатууга болот ж.б.
(С) Рашитова Асел – илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси