Тарых жана чөлкөм таануу институтутунун илимий–изилдөөчүлүк, санариптик жана музей билим берүүчүлүк борборунун жетекчиси, т.и.д., профессор Шайыркүл Батырбаева 2024-жылдын 30-январынан 2-февралына чейин “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында мыкты курстук жана квалификациялык иштерге улуттук конкурс” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университети, Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик унивеситети жана Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринде болду.
“Мир Восток” коомдук фонду жана илимий-изилдөөчүлүк, санариптик жана музей-билим берүүчүлүк борбору тарабынан уюштурулуп жаткан “XIX-XXI кк. Россия-Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун негизги аспектилери жана алакалары” аталышындагы бул конкурс студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, орус-кыргыз мамилелерин изилдөөгө стимул берүү, курстук иштерди жана квалификациялык иштерди жазууда студенттердин усулдук жана аналитикалык мамилелерин өркүндөтүүгө багытталган.
Иш сапардын алкагында Ш.Батырбаева 1-февраль күнү Кыргыз-Өзбек университетинин студенттерине конкурс боюнча иштер жүргүзүлүп, конок лекция окуп берди. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулук курамы, жаш илимпоздор менен КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий иш жазуудагы талаптар, жоболор боюнча маалымат алмашып, студенттерге бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эң тез өнүгүп жаткан прогрессивдүү “жасалма интеллект” технологиялык тармагы боюнча жана тарых адистигинин студенттерине тарых илиминин бүгүнкү күндөгү орду жана ролу боюнча конок лекция окуду. Ошондой эле университетин ректору менен Илимий-изилдөө, санариптик жана музей-изилдөөчүлүк борбордун ортосунда алака түзүү боюнча талкуулар болду (https://clck.ru/38akmc)
2-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университеттин профессордук окутуучулук курамына “Тарых илиминини теориялык, методологиялык проблемалары” деген аталыштагы конок лекция окуп, гранттык маселелер талкууланды.
3-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук окуу курамы үчүн “Актуальные проблемы гуманитарной науки в условияхцифровизации общества” деген темада илимий изилдөө багытындагы семинар-тренинг өттү. (https://inlnk.ru/O1za9Z)
(С) Кадыралиева М.К. – илимий-изилдөөчүлүк, санариптик жана музей билим берүүүлүк борборунун илимий кызматкери