Инвестиция бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 25-27-январь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында болуп өткөн “Инновациялык агро борборлордун (ИАБ) стратегиялык потенциалын жогорулатуу” боюнча тренинг-окууга катышты.

«Жаш табышкер» долбоорунун алкагында Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси менен Европа Биримдигинин Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен уюштурулган иш чаранын максаты – ИАБ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттерди иштеп чыгуу жана координациялоо.

Тренингге ИАБ өкүлдөрү, ЖОЖ администрациясынын өкүлдөрү, ИАБдын негизги өнөктөштөрү жана Enactus Кыргызстан коомдук бирикмесинин жетекчиси катышышты.

(С) Абдылдаева Шахзада – инвестициялар боюнча проректордун референт-катчысы

Добавить комментарий