2024-жылдын 30-январында №7-окуу имаратында эки дарскананын ачылыш аземи болуп өттү. №307-дарсканага юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, КУУнун ардактуу доктору Осмоналиев Кайрат Медетбековичтин, ал эми №308-дарсканага педагогика илимдеринин доктору, профессор, факультеттер аралык орус тили кафедрасынын башчысы Ахметова Нурлан Алымкуловнанын ысымдары ыйгарылды. Дарсканаларга ысымы берилген инсандар тарабынан окуу-методикалык китептер коюлуп, жаӊы эмеректер жана  проектор орнотулган.

Иш чара окуу имаратынын 3-кабатындагы коридордо башталып, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, мамлекеттик ишмер Аскар Айтматов, профессор Абдыкерим Муратов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ачылган дарсканаларда окуган студенттерге илим-билим жугуштуу болуп, профессорлор, илимдин докторлору чыгышын каалашты. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин кызыл тасмалар кесилип, дарсканалар салтанатуу ачылды.

Нурлан Ахметова менен Кайрат Осмоналиев университтетин жамаатына ыраазычылык билдиришип, дарсканаларга алардын ысымдарынын берилиши алар үчүн чоӊ сыймык экенин, мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий