21-22 декабрь күндөрү И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунунда 1-курс студенттери Кыргызстан тарыхы боюнча жыйынтыктоочу сабакта өз алдынча иштерин өзгөчө формада, жалпы тайпа менен бирдикте (практика жүзүндө) жакташты.
Иш-чара мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти С.С,Кулуеванын жетекчилиги менен өттү. Жыйынтыктоочу сабакта натыйжалуу педагогикалык методдордун комплекси: интеграциялык, интерактивдик методдор колдонулуп, жана тарыхый эпохалардын образын жеткиликтүү чагылдыруу үчүн кыргыз элинин тарыхындагы орчундуу учурларынан эпизоддор театрлаштырылды. Ошондой эле кыргыз элинин салттуу маданиятын:улуттук кийимдер, оюндар көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштарды студенттер өз колдору менен даярдап келишти.
Өткөрүлгөн иш -чара Кыргызстандын тарыхын, кыргыз элинин салттуу маданиятын окуп үйрөнүү мотвациясын жогорулатууга түрткү беруучу шарттардын бири катары болот деген ишеничтебиз.
(С) С.С. Кулуева – МЧМПжББТ кафедрасынын доценти