2023-жылдын 21-декабрында социалдык гуманитардык илимдер институтунун психология кафедрасынын доценти Наралиева Бермет Манас улуттук академиясында болуп өткөн “Эр Табылды“ эпосунун бет ачарына катышты.
КУУнун доценти атлган китепте адам психологиясына байланышкан айрым түшүнүктөрдү, т.а. курак өзгөчөлүгүнүн улуттук аң сезимге тиешелүү спецификалык ыкмаларын, лидерлик, амбициялуулук, бийлик, бузукулук, жасакерлик, жоопкерчилик, ишеним, коркутуу, куулук, лидерлик, проактивдүүлүк, ресурстуулук, санаа, үстөмдүк, харизма, чечкиндүүлүк, шыктануу, ынандыруучулук, эки жуздүүлүк, эрктүүлүк, тайманбастык касиеттерин психологиялык жактан чечмелеп, Эр Табылдынын психологиялык портретин, мүнөзүн сыпаттап берген.
Жыйындын жүрүшүндѳ Бермет Наралиева ”Эпос таануу“ илимий изилдөө борборунда даярдалган 47 басма табак көлөмүндөгү “Эр Табылды” энциклопедиясын түзүүдө олуттуу эмгек кылып, зор салым кошкондугу үчүн Кыргыз республикасынын “Манас” улуттук академиясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.
Белгилей кетсек, кыргыз элинин улуттук материалдык эмес баалуулуктарын сактап калуу, изилдөө жана популярдаштыруу максатында Манас улуттук академиясы тарабынан “Кенже эпостордун энциклопедиялары” долбоорунун алкагында “Эр табылды“ эпосу EPIK сериясы менен жарыкка чыкты. Китепте “Эр табылды” эпосу тууралуу ар тараптуу изилдөө, жайылтуу иштеринин жыйынтыктары камтылган.


