2023-жылдын 21-декабрында педагогикалык колледждин 1-курс студенттеринин арасында окуудагы активдүүлүктү көрсөткөн, таланттуу, келечекте мыкты мугалим боло ала турган студенттерди аныктоо жана студенттердин билимин, жөндөмүн, ар тараптуу талантын жакшыртуу максатында «Педагогикалык колледждин мыктысы» деген конкурс башталды.
Конкурс үч этап менен өтөт:
- Тарых, кыргыз тили жана адабияты, математика сабактарынан тест тапшыруу (Декабрь);
- Спорттук таймаштарда шайыр, шамдагайлыгын көрсөтүү (Февраль);
- Ырдап, бийлеп, комуз чертип, көркөм окуп ж.б. өз өнөрүн көрсөтүү (Март).
Конкурстун дагы бир өзгөчөлүгү – конкурсанттарды жетектеген куратор дагы ушундай эле байгелүү орундарга жана «Мыкты куратор» наамына ээ болот.
Ар бир орунга атайын диплом, кызыктыруучу сыйлыктар берилет.
(С) М.Т. Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы