Математика жана информатика факультетинин 3-курс студенти Марат Алмазбеков окумуштуу-энциклопедист Омар Хайямга арналып Душанбе шаарында өткөрүлгөн математика боюнча Эл аралык интернет олимпиадага катышып, жыйынтыгында 3-орунга ээ болду жана тиешелүү диплом менен сыйланды.

Онлайн форматта өткөрүлгөн олимпиадага Тажикистан, Россия, Кыргызстан, Казахстан, Түркмөнстан, Белоруссия жана Өзбекстандан 163 студент катышты.

Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы окуудагы албан-албан ийгиликтерди каалайт.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий