2023-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин КМШ өлкөлөрү аралык Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча “Айтматов окуусу” Эл аралык илимий-методикалык кеңешмесинин алкагында “Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу” сынагы жарыялаган. Сынакта Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча видеоролик даярдоо жарыяланган. Видеороликте Ч.Айтматовдун чыгармаларын окууда: экспрессивдүүлүк, эмоционалдык жана интеллектуалдык, таасирдүүлүк, дикция, тил нормаларын сактоо критерийлери каралган. Ошону менен бирге видео тартканда эч кандай башка ашык нерсе колдонбоо жана өзүнүн гана катышуусу менен роликти тартуу талаптары коюлган. Сынакта видеоролик даярдоого: узактыгы бирден эки мүнөткө чейинки гана иштер кабыл алынган.
Сынактын максаты:
1. Ч.Айтматовдун гуманисттик мурасын санариптик технологиялар аркылуу кеңири жайылтуу.
2. Чыгармачыл, интеллектуалдык жактан өнүккөн инсандын калыптанышына көмөк көрсөтүү.
3. Көркөм адабиятты окууга коомчулуктун кызыгуусун жогорулатуу.
Эл аралык жана маданияттар аралык диалогду чыңдоо менен жаштарды гумандуулукка тарбиялоо милдеттери коюлган.
Тиркемеде Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндүнү көркөм окуу камтылган видеотасма, ошондой эле анкетаны толтуруу камтылган.
Сынакка жашына, билимине жана жашаган жерине карабастан каалаган адам катыша алат, деген шарт коюлган.
Сынакты эксперт жюрилер жана калыстар тобунун теңтөрагалары, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин КМШ жана коңшу мамлекеттердин тилдери жана маданияттар кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Хулхачиева Женишкуль Саматовна, ф.и.д., КРСУнун профессору Тагаев Мамед Жакыповичтер келип түшкөн ар бир иштерди карап чыгып, 2023-жылдын 11-декабрында сынактын финалдык этабында Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 1-курсунун студенти Казиев Адилет сынактын жеңүүчүсү катары таанылып 1-орунду алды.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 1-курсунун студенти Казиев Адилетти жеңиши менен факультеттин жалпы жааматы куттуктайбыз, окуусуна жана чыгармачыл иштерине ийгиликтерди каалайбыз.
(С) Абдырасулова Ж.С. – ЭАМжЧТФ доценти, ф.и.к.
Автордун стилистикасы сакталды
