2023-жылдын 15-декабрында юридикалык колледждин окутуучусу Рита Муктарбекова USAID Окуу керемет! долбоорунун математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү программасынын алкагында жогорку окуу жайлардын окутуучуларынына тажрыйба алмашуу максатында “Маалыматтарды анализдөөдө диаграммаларды жана пиктограммаларды колдонуу” деген темада ачык сабак өттү.
Ачык сабакта көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс стратегиясын колдонуу менен маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү жолунда маанилүү кадамдарды жасашты. Ар бир тапшырма студенттердин деңгээлине жараша тандалган. Сабакка Окуу кереметтин улуттук тренери Света Амантуровна жана математика предметинин окутуучулары Э. Нааматова, М. Жолумбекова, Ч. Туумаева катышышты.
Сабактын жыйынтыгында студенттердин инновациялык технологияны электрондук ресурс аркылуу жогорку денгээлде колдоно алгандыгы баса белгиленди.
(С) Жакшылыкова Элла – директордун орун басары