2023-жылдын 11-декабрында кесиптик колледжде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара ѳткѳрүлдү. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Туйгунбек Касымалиев жана кыргыз тилчи окутуучулары тарабынан уюштурулган иш-чарага жалпы 10 группа катышып, улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган сценкалар кѳрсѳтүлдү.
Жыйынтыгында, эң мыкты даярдыкты, актердук чеберчиликти көрсөтүшкөн студенттер колледждин грамоталары менен сыйланышты.
1-орун: ФИН (1) 9-23
2-орун: НиНо 9-23
3-орун: ЭБУ (1) 9-23
(С) Касымбаева Кыял – окутуучу