Юридикалык колледждин 1-курс студенттери 2023-жылдын 7-декабрь күнү Борбор Азиядагы Корей институнда өткөрүлгөн “Экологиялык коопсуздук” аттуу тегерек столго катышып келишти.

Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаш муундардын активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн иш-чарага өлкөбүздөгү жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин студенттери менен Казакстандагы окуу жайлардан да онлайн форматта докладдар окулду.

Бул иш-чарада биология жана химия сабагынын окутуучулары Н. С.Усубалиева менен А.О.Алымкулованын жетекчилиги астында ЮК-5-23 гр. Ормонбеков Э., Джунушева А. “Экологиялык коопсуздук жана глобалдык экологиялык койгойлор”, ЮК-13-23 гр Орозбаева Т., Чыныбекова Х., ЮК-17-23 гр Насирдинов Д. “Адамдардын экологиялык коопсуздук көйгөйлөрү” деген темада баяндама жасашты.

Студенттердин баяндамалары мыкты денгээлде даярдалып окулгандыгы уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белгиленип, жетектеген окутуучуларга ыраазычылык каттар жана студенттерге сертификаттар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар студенттердин илимий-изилдөөчүлүк чыгармачылык иш менен алектенүүсүнө шык берип, практикалык зор мааниге  ээ болуу менен мындан ары да улантылып турары айтылды.

(С) Жакшылыкова Элла – директордун орун басары

Добавить комментарий