2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Жыпаркул Нурдинова менен Чүй регионалдык башкармалыгынын башчысы Аман Бакиров Биология факультетинде «Органикалык өндүрүштү өнүктүрүүдө биокаражаттардын ролу» аттуу конок лекция өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө лекторлор органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө биологиялык каражаттардын мааниси, аларды айыл чарба өндүрүшүндө колдонуу жолдору жана экологиялык жактан таза продукция өндүрүүнүн артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле өсүмдүктөрдү оорулардан жана зыянкечтерден коргоодо биологиялык каражаттарды пайдалануу, топурактын асылдуулугун сактоо жана айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине токтолушту. Өзгөчө органикалык өндүрүштү өнүктүрүүдө заманбап биотехнологиялык ыкмаларды колдонуу, химиялык каражаттарга болгон көз карандылыкты азайтуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багыттары белгиленди.
Конок лекция студенттердин органикалык айыл чарба, биотехнология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарындагы билимдерин тереңдетүүгө, теориялык билимдерин практикалык маалыматтар менен толуктоого багытталды.
Жыйынтыгында студенттер конокторго өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана биологиялык каражаттарды колдонуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.
Биология факультети Жыпаркул Нурдинова менен Аман Бакировго мазмундуу лекциясы жана студенттер менен бөлүшкөн тажрыйбасы үчүн ыраазычылык билдирет.
(С) Мырзабекова У.Дж. — ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент