2026-жылдын 23-ноябрында Улуттук университетте дүйнөлүк адабияттын залкар өкүлү, кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата «Atadan Ogula» («Атадан балага») аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту менен Түрк дүйнөсүнүн жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун көөнөрбөс адабий мурасын даңазалоо, аны жаш муундарга кеңири таанытууга багытталды.
Салтанаттын ачылышында КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев сөз сүйлөп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын дүйнөлүк адабияттагы ордуна жана түрк дүйнөсү үчүн маанисине токтолду.
«Атадан балага» («Atadan Ogula») аталышындагы иш-чаранын кыргыз жана түрк тилдеринде өткөрүлүшү өзгөчө символдук мааниге ээ экенин белгилеген биринчи проректор мындай демилгелер эки элдин достук мамилелерин бекемдөөгө, жаштардын ортосундагы маданий алакаларды өнүктүрүүгө жана орток адабий мурасты муундан-муунга жеткирүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле жыйынга Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Рамазан Акзейбек жана Түрк дүйнөсүнүн жаштар кеңешинин өкүлдөрү катышышты.
Маданий программанын жүрүшүндө университеттин студенттери Чыңгыз Айтматовдун «Гезитчи Дзюйо», «Жамийла», «Саманчынын жолу» жана башка белгилүү чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргыз жана түрк тилдеринде көркөм окуп, сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.
Эки тилде аткарылган көркөм чыгармалардагы муундар уландысы, адамдык нарк, мекенге болгон сүйүү, боорукерлик жана жоопкерчилик сыяктуу түбөлүктүү темалар көрүүчүлөргө жазуучунун терең философиялык ой жүгүртүүсүн, адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган чыгармачылык дүйнөсүн дагы бир ирет сезүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Салтанаттуу иш-чара активдүү жана таланттуу студенттерге сыйлык тапшыруу менен жыйынтыктылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы №460-тескемесине ылайык, көрүнүктүү жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чаралардын планы бекитилген.