2026-жылдын 18-ноябрында География, экология жана туризм факультетинде студенттердин окуу-талаа жана өндүрүштүк практикаларынын жыйынтыктарына арналган отчеттук конференция болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин практика учурунда алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу тажрыйбалары менен бөлүшүү, кесиптик көндүмдөрүн талдоо, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу жана алдыдагы практикаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоо болду.
Факультетте окуу планына ылайык, ар бир курстун жана билим берүү багытынын өзгөчөлүгүнө жараша окуу-талаа, зона аралык жана өндүрүштүк практикалар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.
Конференциянын жүрүшүндө 1-курстун студенттери Ысык-Көл аймагында жана Бишкек шаарында өткөн практикаларынын жүрүшү, байкоолору жана алган таасирлери тууралуу баяндама жасашты.
Ал эми 2-курстун экология жана туризм багытындагы студенттери Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган окуу-талаа практикасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрү, ошондой эле Жалал-Абад облусунда өткөн зона аралык практиканын жүрүшүндө топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Студенттер аймактын жаратылыш ресурстарын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, экологиялык абалын изилдөө боюнча аткарган иштерин презентациялар аркылуу көрсөтүштү.
Гидрометеорология багытынын студенттери Кызыл-Суу метеостанциясында өткөн практиканын жыйынтыктары тууралуу айтып беришти. Алар метеорологиялык байкоолорду жүргүзүү, аба ырайынын көрсөткүчтөрүн аныктоо жана кесиптик ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү боюнча алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Конференциянын өзгөчө кызыктуу бөлүктөрүнүн бири 3-курстун студенттеринин өндүрүштүк практика боюнча баяндамалары болду. Алар Түркия Республикасында жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарында туристтик компанияларда, экологиялык мекемелерде жана тиешелүү уюмдарда өткөн практикаларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Студенттер чет өлкөлүк жана ата мекендик мекемелердин иш тажрыйбасы, туристтер менен иштөө, тейлөө тармагы жана экологиялык багыттагы ишмердүүлүк боюнча өздөштүргөн билимдерин ортого салышты.
Мындан тышкары, Түштүк Корея Республикасында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келген студенттер да өздөрүнүн эл аралык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар чет өлкөлүк билим берүү системасы, окуу процесси, студенттик жашоо жана жаңы маданий чөйрөдө топтогон таасирлери тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практикалык иштерден тартылган сүрөттөрүн жана видеоматериалдарын көрсөтүп, аткарылган изилдөөлөрдүн, экскурсиялардын, талаа байкоолорунун жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын кеңири тааныштырышты. Ошондой эле практикаларды уюштурууну жакшыртуу, практикалык базаларды кеңейтүү жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча өз сунуштарын билдиришти.
Отчеттук конференция студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоодо, теориялык билим менен практикалык ишмердүүлүктү айкалыштырууда жана өз ара тажрыйба алмашууда маанилүү аянтча болуп берди.
Практика – бул билимди тажрыйбага, теорияны чыныгы кесиптик көндүмгө айландырган маанилүү баскыч. География, экология жана туризм факультети студенттердин сапаттуу билим алуусу менен катар, алардын кесиптик жактан калыптанышына жана эл аралык тажрыйба топтоосуна багытталган иштерди уланта берет.
(С) Байсеитова М.Р. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары