Сапаттуу педагогикалык билим берүү – билим берүү программасынын мазмунун заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү, окутуунун натыйжаларын так аныктоо жана аларга жетишүүнү камсыз кылган окуу процессин натыйжалуу уюштуруу менен тыгыз байланышта. Бул багыттагы иштердин уландысы катары 2026-жылдын 17-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун Мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын негизги маселеси — «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча билим берүү программасында (ББП/ООП) каралган окутуунун натыйжаларын ишке ашырууда окуу дисциплиналарынын өз ара байланышын аныктоо, алардын күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүдөгү ордун жана салымын кароо болду.
Жыйынга кафедра башчысы Адылбек кызы Гүлназ, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, билим берүү программасынын жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кайдиева Н.К. жана иш берүүчү тараптын өкүлү – Бишкек шаарындагы №69 жалпы билим берүү мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Байшериева Р.К. катышты.
Негизги маселе боюнча билим берүү программасынын жетекчиси Кайдиева Н.К. «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча аныкталган окутуунун натыйжаларын камсыз кылууга багытталган окуу дисциплиналарынын мазмунун жана алардын өз ара байланышын талкууга сунуштады.
Өз баяндамасында ал окутуунун натыйжалары билим берүү программасынын максаттарын ишке ашыруунун жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоонун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экендигин белгиледи. Ошондой эле ар бир окуу дисциплинасы билим берүү программасында белгиленген окутуунун натыйжаларына жетишүүгө багытталып, студенттердин теориялык билимин, практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик даярдыгын калыптандырууга салым кошуусу зарылдыгын баса белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө кафедра мүчөлөрү окуу дисциплиналарынын мазмуну, алардын билим берүү программасында белгиленген окутуунун натыйжаларына жетишүүдөгү орду жана дисциплиналар аралык ырааттуулук боюнча пикир алышты. Ошондой эле ар бир дисциплинанын окутуунун натыйжаларын камсыз кылуудагы ролун так аныктоо, теориялык даярдык менен практикалык көндүмдөрдүн өз ара байланышын эске алуу жана окутуунун натыйжаларын баалоонун тиешелүү ыкмаларын колдонуу маселелерине көңүл бурулду.
Иш берүүчү тараптын өкүлү, №69 жалпы билим берүү мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Байшериева Р.К. да талкууга катышып, болочок педагогдорду даярдоодо окуу дисциплиналарынын мазмуну менен мектептеги практикалык ишмердүүлүктүн өз ара байланышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал билим берүү программасында каралган окутуунун натыйжалары келечектеги мугалимдердин мектеп шартында натыйжалуу иш алып баруусуна, кесиптик даярдыгынын жогорулашына жана заманбап билим берүү талаптарына ылайык иштөөсүнө багытталышы зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары окутуунун натыйжаларын так аныктоо жана алардын окуу дисциплиналарынын мазмунунда ырааттуу ишке ашырылышы окуу процессин системалуу уюштурууга, дисциплиналардын мазмундук шайкештигин камсыз кылууга, студенттердин күтүлүүчү натыйжаларга жетишүү деңгээлин аныктоого жана билим берүү программасынын сапатын баалоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Маселе ар тараптуу талкуулангандан кийин кафедра башчысы Адылбек кызы Гүлназ тарабынан «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча билим берүү программасында каралган окутуунун натыйжаларын жана аларды окуу дисциплиналары аркылуу камсыз кылууну бекитүү сунушу добушка коюлду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында сунуш кафедра мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынып, билим берүү программасынын окутуунун натыйжаларын камсыз кылууга багытталган окуу дисциплиналарынын өз ара байланышын бекитүү жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алынды.
Жыйындын жыйынтыгында билим берүү программасында белгиленген окутуунун натыйжаларын окуу дисциплиналары аркылуу ишке ашырууга жана алардын өз ара шайкештигин камсыз кылууга багытталган сунуштар кафедранын чечими менен жактырылды. Бул чечим билим берүү программасын системалуу ишке ашырууга, окуу дисциплиналарынын мазмунун өркүндөтүүгө жана келечектеги педагог адистердин кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Университет, мектеп жана иш берүүчүлөрдүн өз ара өнөктөштүгү – сапаттуу педагогикалык билим берүүнүн маанилүү шарты. Мындай кызматташтык билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүүгө, окутуунун натыйжаларын практикалык талаптар менен айкалыштырууга, келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын күчөтүүгө жана заманбап билим берүү системасы үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
(С) Көчөрова А.К. — окутуучу