2026-жылдын 18-ноябрында Улуттук университетте окуу процессиндеги документ жүгүртүүнү санариптештирүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Чогулушка биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу жана университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасы департаментинин директору Жылдыз Койчиева КУУнун билим берүү порталына киргизилген жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мындан ары студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер академиялык, Социалдык фондго жана аскер комиссариаты ж.б. керектүү маалымкаттарды электрондук форматта онлайн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, кадрлар бөлүмүнө тиешелүү электрондук журнал жана ырааттамаларга (расписание) зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилди.

Жыйында о.э. Кыргызстанда сырттан окуу форматына кабыл алуу токтотулуп, анын ордуна дистанттык-санариптик окутуу форматы киргизилгенине байланыштуу прокторинг системасы тааныштырылды. Аталган система онлайн экзамендердин, тесттердин жана олимпиадалардын жүрүшүн көзөмөлдөп, алардын калыс жана ачык-айкын өтүшүн камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, кадрлар бөлүмүнө тиешелүү электрондук журнал жана ырааттамаларга (расписание) зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилди.

Чогулуштун соңунда Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасы департаменти тарабынан буга чейин университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине санариптик портал менен иштөө боюнча окутуулар өткөрүлгөнү белгиленип, мындан ары да порталдын мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштери улантылаары айтылды.

Белгилей кетсек, билим берүү порталдары окуу пландарын натыйжалуу башкарууга, убакытты үнөмдөөгө, окуу процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоого, ошондой эле билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.