Ж.Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык табигый-илимдер факультетинин студенттери “Алтын муун” жаштар жумалыгын алкагында Нарын шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында 17-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө  карата өткөрүлгөн спартакиадада алдыңкы орундарды ээлешти.

  • Турсуманбет уулу Алыбек — тогуз коргоол боюнча мелдеште балдар арасында I орун (I даражадагы диплом);
  • КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык табигый-илимдер факультети — футбол боюнча мелдеште I орун (I даражадагы диплом);
  • КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык табигый-илимдер факультети — “Көңүлдүү старт” эстафеталык жарышында II-орун (II даражадагы диплом);
  • ОККБ юридикалык колледж — “Алтын муун” футбол оюнунда III орун (диплом).

(С) С.Иманалиев — КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык табигый-илимдер факультетинин деканы, филос.и.к., доцент