2026-жылдын 12-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев Бишкек шаарындагы Юнус Эмре институтунун директору Синан Яман мырзаны кабыл алды.
Синан Яман мырза Юнус Эмре институту Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу расмий мекеме экенин белгилеп, анын негизги миссиясы — чет өлкөлөрдө түрк тилин, тарыхын, маданиятын жана искусствосун жайылтуу экенин маалымдады.
Проректор Назаркул Ишекеев бул багыттагы ишмердүүлүктү түрк мамлекеттеринде эле эмес, башка өлкөлөрдө жашаган түрк элдерин да орток маданий баалуулуктарды жайылтуу демилгесине тартуу жана алар менен кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Синан Яман мырза бул сунуштун маанилүүлүгүн колдоп, аталган багытта да бир катар иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү, түрк тилин үйрөтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушууга Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков катышты.
(С) Журабаева Чынар — Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин жетектөөчү адиси