2026-жылдын 11-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Ысык-Көл облусунан 40ка жакын окуучу таанып-билүү экскурсиясы менен келишти.
Экскурсиянын негизги максаты — окуучуларды өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болгон Кыргыз улуттук университетинин билим берүү системасы, илимий-изилдөө багыттары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, о.э. келечектеги кесип тандоосуна багыт берүү болду.
Иш-чаранын алкагында окуучулар университеттин Кырдаалдык борборуна жана Кыргыз-Кытай социалдык изилдөө борборуна барышып, алардын ишмердүүлүгү, негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле университеттин тарыхы, түптөлүү жолу, өнүгүү этаптары жана жетишкендиктери чагылдырылган видеоролик көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, окуучуларга университеттин институттары жана факультеттери, аларда даярдалуучу адистиктер, билим берүү программалары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө абитуриенттер үчүн кесипти туура тандоонун маанисине, жогорку билим алуунун артыкчылыктарына жана студенттик жашоонун мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар университеттин кабыл алуу тартиби, окуу шарттары, адистиктер жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Мындай таанып-билүү экскурсиялары мектеп окуучуларынын жогорку билим берүү системасы тууралуу түшүнүгүн кеңейтип, илимге болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого өбөлгө түзөт.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна, илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана кесиптик келечегин туура тандоосуна багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.
(С) Темирбекова Медина — жаштар чыгармачылыгы жана маданий-массалык иштер секторунун башчысы