2026-жылдын 3-ноябрынан 5-ноябрына чейин Улуттук илимдер академиясы менен «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан Илим күнүнө карата уюштурулган «Чек арасыз илим: тажрыйба, устаттык, келечек» аттуу маанилүү илимий жолугушуу болуп өттү.  

Иш-чарага Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун (КТЖИИ) ИВТ-1-23 тобунун студенттери Мукашева Айдана жана Бережной Кирилл катышышты.

Илимий жыйындын биринчи күнүндөгү эң кызыктуу жана таасирдүү учурлардын бири — АКШдагы Сэм Хьюстон атындагы мамлекеттик университеттин (Sam Houston State University) инженердик технологиялар кафедрасынын доценти жана инженердик долбоорлоо программасынын координатору, профессор Улан Дакеевдин баяндамасы болду. Ал «Кыргызстандан дүйнөлүк илимге: инженерия, жасалма интеллект жана кеңейтилген реалдуулуктагы мүмкүнчүлүктөр» деген темада мазмундуу лекция окуп, жаштардын заманбап технологияларга болгон көз карашын кеңейтти.  

Баяндаманын жүрүшүндө жана андан кийинки суроо-жооп сессиясында уюштурулган интеллектуалдык викторинада КУУнун студенттери Мукашева Айдана менен Бережной Кирилл өзгөчө активдүүлүк көрсөтүштү. Алар берилген суроолорго так жана кызыктуу жоопторду беришип, профессордон баалуу илимий китептерди белекке алышты.

Студенттерибиз форумдун бардык 3 күнүнө башынан аягына чейин катышып, чоң тажрыйба топтошту:

  • 1-күн (Улуттук илимдер академиясы): Дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенген мекендеш окумуштуулар менен таанышуу болуп өттү. Анда АКШдан келген профессор Улан Дакеевден тышкары, Нидерланддардагы Thermo Fisher Scientific компаниясынын улук илимий кызматкери Бектур Мурзалиев жасалма интеллект жана кванттык физика тууралуу, ал эми Кытайдагы Шаньдун илимдер академиясынан Жайлоо Мамытбеков заманбап датчиктерди иштеп чыгуу боюнча онлайн баяндама жасашты.  
  • 2-күн (Инновациялык борбор): Иш-чара Эркиндик проспектисиндеги Инновациялык борбордо уланды. Бул күнү студенттер технологиялар трансфери, стартап экосистемасы жана илимий долбоорлорду өнүктүрүү багытындагы практикалык иштер менен жакындан таанышышты.  
  • 3-күн (Илимдин келечеги жана мүмкүнчүлүктөр): Биотехнология, наносенсорика жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе — Ж.Баласагын атындагы КУУнин  Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Информатика жана эсептөө техникасы» программасынын доценти Майрамбек Темировдун «Аддитивдик өндүрүш жана жасалма интеллект» боюнча жасаган актуалдуу баяндамасы болду. Мындан тышкары, чет өлкөлүк алдыңкы ЖОЖдордун (Duke University, Oxford University) өкүлдөрү жаштарга эл аралык билим алуунун жолдору менен бөлүшүштү.  

Иш-чаранын соңунда доцент Темиров Майрамбекке УИА президентинин атынан Ыраазычылык кат, ошондой 3 күндүк илимий жолугушууга жигердүү катышкандыгы үчүн ИВТ-1-23 тобунун студенттери Мукашева Айданага жана Бережной Кириллге расмий сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Билимге умтулган студенттерибизге албан-албан жетишкендиктерди, жаңы илимий изденүүлөрдү жана окуусуна чоң ийгиликтерди каалайбыз!

(С) Темиров Майрамбек — КТЖИИнин доценти