2026-жылдын 9-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтта 10-ноябрь – Илим күнүнө карата өлкөнүн илимий коомчулугунун көрүнүктүү өкүлдөрү, “Кыргызстан педагогдор коомунун” активдүү мүчөлөрү, педагогика илимдеринин докторлору жана профессорлор жолугушту.

Иш-чарага Кыргызстандагы педагогика илиминин жана билим-тарбия берүү практикасынын өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келе жаткан белгилүү окумуштуулар Эсенбек Мамбетакунов, Нурбүбү Асипова, Айчүрөк Калдыбаева, Абакир Мамытов, Акматали Алимбеков, Жеңишбек Чыманов, Рахат Сулаймановалар катышты.

Педагогикалык институт өлкөдөгү педагогика илиминин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулардын башын бириктирген илимий борбор, тажрыйба алмашуунун жана илимий муундардын байланышын бекемдөөнүн маанилүү аянтчасы болуп саналат. Мындай жолугушуулардын институтта өткөрүлүп турушу анын илимий чөйрөдөгү ордун жана педагогикалык илимди өнүктүрүүдөгү миссиясын айгинелейт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дал ушул окумуштуулар тобунун демилгеси жана биргелешкен эмгеги менен «Кыргызстандагы педагогика илимдеринин докторлору» аттуу китеп жарык көргөн. Бул эмгек өлкөбүздөгү педагогика илиминин өнүгүү тарыхын, көрүнүктүү окумуштуулардын өмүр жолун жана илимий жетишкендиктерин чагылдырган маанилүү басылмалардын бири болуп саналат.

Иш-чаранын негизги максаты – илимдин коомдогу ордун даңазалоо, окумуштуулардын эмгегин баалоо, илимий тажрыйба алмашуу жана жаш изилдөөчүлөрдү илимий ишмердүүлүккө шыктандыруу.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү педагогика илиминин бүгүнкү абалы, илимий изилдөөлөрдүн келечеги, жогорку педагогикалык билим берүүнүн өнүгүү багыттары, окумуштуулардын илимий мурастарын сактоо жана жаш илимпоздорду даярдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Майрамды утурлай уюштурулган иш-чарада И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун турмушунда маанилүү орду бар башка окуу жайлардан келген окумуштууларга ректордун атынан ыраазычылык каттар тапшырылып жана бардык устаттарга “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын жаңы саны белекке берилди. 

(С) Айсулуу Эгамбердиева — илимий иштер боюнча директордун орун басары