2023-жылдын 24-ноябрь күнү физика жана электроника факультетинин Ф(б)-1-22 тайпасынын студенттери куратору А.С.Дөөлөталиева менен биргеликте карылар жана инвалиддер үчүн “Үмүт үйү” социалдык мекемесине барышты. Студенттер алдын ала сүйлөшүлгөн керектүү буюмдарды алып барып, мекеменин имаратын жууп-тазалоо иштерине жардам беришти.

«Үмүт үйүнүн» жетекчисинин орун басары Эрдиана Уркасымованын айтымында социалдык мекемеде 220 ада жашайт, алардын 123ү эркек, 97си аялдар. Ал КУУнун студенттерине ыраазычылык билдирүү менен жаштарга, айрыкча кыздарга ата-энеге, кайын журтка кайрымдуу, мээримдүү болуш керектиги жөнүндө насаат сөздөрүн айтты.

Иш чаранын акырында студенттер карылардын батасын алышып, мындан ары да атайын жетекчилердин уюштурушун күтүп отурбай эле, бул жерге өздөрү келип жардам берип турууга сөз берип кайтышты.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий