2026-жылдын 6-ноябрында «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү» глобалдык жумалыгынын алкагында Экономиканын жогорку мектебинде «Финансы жана кредит» адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн «Сенти» финансылык компаниясынын адисинин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара «Жумуш ордунда окутуу» дисциплинасынын негизинде уюштурулуп, студенттердин практикалык билимдерин тереңдетүүгө, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана каржы тармагындагы ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу максатын көздөдү.
Тренингди каржылык билим берүү жана консалтинг жаатында мол тажрыйбага ээ «Сенти» финансылык компаниясынын брокери Исраилов Урмат өткөрдү. Белгилей кетсек, Сенти компаниясы жыл сайын «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү» кампаниясына активдүү катышып жогорку окуу жайларында конок лекцияларды, тренингдерди, семинарларды уюштуруп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлү өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, финансылык компаниянын ишмердүүлүгү, үнөмдөөнүн мааниси, жеке финансыларды натыйжалуу башкаруу жана каржылык сабаттуулукту жогорулатуу маданияты тууралуу кеңири маалымат берди.
Тренинг студенттер үчүн теориялык билимдерин практикалык маалыматтар менен толуктоого, каржы тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, кызыктырган суроолорун берүүгө жана келечектеги кесибинин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түздү.
Экономиканын жогорку мектеби окуу процессинде теориялык билимдерди практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга өзгөчө көңүл буруп, каржы уюмдарынын жана тармактык адистердин өкүлдөрүн билим берүү процессине тартуу багытындагы иштерин улантып келет. Мындай жолугушуулар студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө, практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
Финансы кафедрасы кызыктуу жана мазмундуу жолугушуу, ачык пикир алмашуу, ошондой эле болочок финансисттердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн тренингдин уюштуруучуларына жана «Сенти» финансылык компаниясына терең ыраазычылык билдирет.
Иш-чаранын уюштуруучулары: э.и.к., доцент Секиева Р.А., э.и.к., доцент Султаналиева Б.А., э.и.к., доцент Эсенгелди кызы А., ага окутуучу Сейталиева Ж.У.
(С) Секиева Р.А. — Финансы кафедрасынын башчысы, доцент.