2023-жылдын 24-ноябрында факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева “КыргызТест” мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасында тил боюнча деңгээлдештирилген тест системасын өркүндөтүү” аталышындагы эл аралык конференцияга катышып, “Мамлекеттик тилди заманбап «Кыргызтест» талаптары боюнча окутуу маселелери: тажрыйбалар жана көйгөйлөр” деген баяндама жасады.
Ал КУУда эл аралык стандарттар боюнча А1, А2, В1, В2 деңгээлдер менен окутуу тажрыйбасы жөнүндө жана бул багытта жалпы кафедранын жасап жаткан иши менен бөлуштү. Презентация, слайд аркылуу: кыргыз тилин чет тили катары окутуу, кыргыз тилин кесиптик багытта окутуу боюнча практикалык иш жүзүндө талдоо жүргүзүлдү.
Жыйынга Россия, Казахстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан тилчи окумуштуулар, мамлекеттик тил боюнча ЖОЖ проректорлору, кафедра башчылары жана окутуучулары катышты.