2023-жылдын 25-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент жана “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан “Акыл майданы” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Бишкек шаарындагы ЖОЖдор арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана чыңдоо максатында уюштурулган оюнга Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ, Кыргыз-Түрк Манас, Эл аралык Ала-Тоо, Кувейт жана Ислам университеттеринен студенттер катышты.
ЖСжС боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз оюнду ачып, командаларга ийгилик каалады.
6 турдан турган оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- 1-орун: “Орто-Азия” командасы (диплом, кубок, китеп жана “Ogogo English” окуу борборуна 4 кишилик сертификат);
- 2-орун: “Шерине” командасы (диплом, китеп жана “Манас” кинотеатрына 4 кишилик билет);
- 3-орун: “Оk Google” командасы (диплом, китеп жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 4 кишилик билет).
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору