2026-жылдын 2-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу. Коомдук жайларда тартипти сактоо, тамеки чегүүгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө» темасында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чараны университеттин Жаштар саясаты жана спорт департаменти уюштуруп, ага №7 студенттик жатакананын жашоочулары жана Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик колледжинин 1–2-курс студенттери катышты.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердигин координациялоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын полковниги Каратаев Марлес Кутманбекович, милициянын подполковниги Матиев Эрмек Джумабаевич жана милициянын майору Осмонова Жазгүл Талантбековна катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери жана мындай учурларда кайда кайрылуу керектиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кайдыгер карабоо, жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү жана зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүнө каршы туруу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, студенттерге коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданияты, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, ошондой эле мындай аракеттер үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Өзгөчө көңүл жаштар арасында бейбаштыктын, укук бузуулардын, чыр-чатактардын алдын алууга, сергек жашоо образын карманууга, зыяндуу адаттардан алыс болууга жана айланадагыларга сый-урмат менен мамиле кылууга бурулду.
Жолугушуу интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн тиешелүү жоопторду алышты.
Мындай профилактикалык иш-чаралар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга, коомдук жоопкерчилигин бекемдөөгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана коопсуз социалдык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы