2026-жылдын 2-ноябрында Улуттук университетке Россиянын Максим Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин ректору Анатолий Николаев баштаган делегация иш сапар менен келди. Ардактуу конокторду КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тосуп алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын алкагында жетишилген ийгиликтер, учурдагы биргелешкен демилгелер жана келечектеги кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө Максим Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университети Кыргыз улуттук университетинин маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки университеттин ортосунда студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, тажрыйба алмашуу программалары, эл аралык илимий жана маданий иш-чаралар аркылуу өз ара байланыштар ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз улуттук университетинин базасында түзүлгөн кыргыз-якут борборунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар борбордун илимий, билим берүү жана маданий багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана жыйынтыктуу натыйжаларга жетишүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого, биргелешкен ишмердүүлүктү кеңейтүүгө жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду.