Бажы иши жана логистика факультетинде студенттерге улуттук мурастарды даңазалоо жана маданий-эстетикалык тарбия берүү багытындагы «Маданият жана мурас» деп аталган студенттердин тарыхый-маданий айлыгы («Маданият айлыгы») старт алды.
Бул маданий-агартуучулук иш-чаралардын сериясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун, КР Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, о.э. залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдык көрүү алкагында мерчемделген.
Бул саамалыктын негизги максаты — келечектеги адистерди жөн гана кесипкөй эмес, өз элинин тарыхын, маданиятын жана баалуулуктарын терең билген заманбап патриот атуул катары калыптандыруу.
Аталган бир айлыктын алкагында студенттердин тарыхый-маданий мурастар менен таанышуусу, эстетикалык жана руханий дүйнөсүн байытуу максатында борборубуздагы театрларга, музейлерге, тарыхый-мемориалдык эстеликтерге сапарлары уюштурулат. Ошондой эле элибизге белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, залкар спортчулар менен жолугушуулар пландаштырылган.
Иш-чаралардын алгачкы кадамы катары 29-октябрда 2-курстун студенттери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн көрүнүктүү манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган салтанаттуу кечеге катышып келишти. Бул иш-чара КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз улуттук Манас театры тарабынан уюштурулган.
Салтанаттын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин рухий казынасы болгон «Манас» эпосун кастарлап сактаган жана аны муундан-муунга өткөрүп келген залкар манасчы Мамбет Чокморовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана руханий мурасы менен таанышышты.
Маданий иш-чара бир гана Манас айтуу менен чектелбестен, абдан бай жана ар тараптуу маданий салтанат менен коштолду. Иш-чарада залкар күүлөр жаңырып, элдик ырлар аткарылып, баатырдык дастандар айтылды. Студенттер улуттук музыкалык өнөр, күү сыры жана дастанчылык мектеби менен жакындан таанышып, маданий эс алуу алышты. Жаштар улуттук баалуулуктарды терең түшүнүүгө багытталган мындай саамалыктар алардын эстетикалык табитин көтөрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Факультетте жарыяланган маданий айлыктын алкагында студенттердин катышуусунда башка дагы бир катар таанып-билүүчүлүк, тарбиялык жана маданий маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.
(С) Р.Т.Ибраимов — Бажы иши жана логистика факультетинин деканы